Акжол Махмудов алгачкы беттешинде олимпиада чемпиону Нао Кусака менен күрөшөт
Новость

Грек-рим күрөшү боюнча олимпиаданын 2 жолку байге ээси Акжол Махмудовдун Азия оюндарындагы алгачкы атаандашы белгилүү болду. Чүчүкулактын жыйынтыгы боюнча Махмудов өзүнүн жүрүшүн 1/8 финалдык баскычтан баштап, Париж-2024 Олимпиадасынын чемпиону, жапониялык Нао Кусака менен күч сынашат. 

Бул күрөштүн жеңүүчүсү чейрек финалга жолдомо алат. Анда Казакстандын тажрыйбалуу балбаны, Олимпиаданын күмүш байге ээси Демеу Жадраев менен кез келет. 

Бул Азия оюндарында  грек-рим күрөшү боюнча жалпы 6 медалдар топтому ойнотулат. 

Белгилей кетсек, Акжол Махмудов Азия оюндарынын учурдагы чемпиону катары мелдешке катышууда. Ал 2023-жылы Ханчжоудагы Азия оюндарында алтын медаль алган.

Быйыл Бишкекте өткөн Азия чемпионатында 77 кг салмакта алтын медаль утуп, карьерасындагы төртүнчү Азия чемпиондугун жеңген. Учурда ал дүйнөлүк рейтингде 1-орунда турат.