Азия оюндары: 1-октябрда татамиге чыга турган кыргыз дзюдочулары белгилүү болду
Новость

Япониянын Нагоя шаарында өтүп жаткан ХХ жайкы Азия оюндарында 1-октябрда Кыргызстандан 5  дзюдочу чыгат. 

Эркектер арасында:

1. Нурмухаммед Бакирдинов - 73 кг
2. Тегин Алмазжан уулу - 81 кг

Кыз-келиндер арасында: 

1. Жанар Жолдошева - 57 кг
2. Адина Көчкөнбаева - 63 кг
3. Алина Молдокулова - 70 кг

Алдын ала жана тандап алуу беттештери Бишкек убактысы боюнча эртең мененки саат 08:00дө башталат. Ал эми медалдар ойнотула турган финалдык бөлүк күндүзгү саат 14:00гө белгиленген.