29-сентябрда Кыргызстандын улуттук курама командасынын жөө күлүгү Нурсултан Кеңешбеков 5000 метр аралыкка чуркоо боюнча жарышка катышты. Ал аралыкты 13:49:07 секундда чуркап өтүп, марага 6-болуп келди.
Мелдеште алтын медалды бахрейндик Бирхану Балев, күмүш медалды япониялык Томонори Ямагути, коло медалды Гулвир Сингх жеңип алышты.