Кыз-келиндер күрөшү боюнча Олимпиада оюндарынын эки жолку байге ээси Мээрим Жуманазарованын Азия оюндарындагы алгачкы атаандашы белгилүү болду.
Чүчүкулактын жыйынтыгы боюнча, 68 кг салмакта күч сынаша турган Жуманазарова биринчи айлампада атаандашы жок түз эле чейрек финалга жолдомо алды. Мында ал өзбекстандык тажрыйбалуу балбан Фируза Эсенбаева менен күч сынашат. Бул күрөштүн жеңүүчүсү жарым финалга чыгып, финалдык жолдомо үчүн Индия, Түштүк Корея же Түндүк Кореянын спортчуларынын бири менен кез келет. Бул салмакта жалпы 11 балбан катышат.
Бул Азия оюндарында кыз-келиндер күрөшү боюнча жалпы 6 медалдар топтому ойнотулат.
Белгилей кетсек, Мээрим Жуманазарова 2018-жылы Индонезияда өткөн Азия оюндарында коло медаль тагынган. Быйыл Бишкекте өткөн Азия чемпионатында күмүш байге жеңген. Учурда ал өз салмагында дүйнөлүк рейтингде 5-орунда турат. Мээрим Жуманазарова эртең, 30-сентябрда килемге чыгат.