Азия оюндары: Кыргызстандык гольфчу Иман Увалканов 30-сентябрда мелдешке катышат
Новость

Азия оюндарынын алкагында гольф боюнча эркектер арасындагы жекелик мелдеште Кыргызстандын курама командасынын өкүлү Иман Увалканов күч сынашат.

21 жаштагы спортчу 30-сентябрь күнү саат 06:30да өтө турган 1-раундда гольф боюнча өлкө намысын коргоп, мелдешке чыгат.