Эркектер арасында 87 кг чейинки салмак категориясынын 1/4 финалдык этабында Асан Жанышов Өзбекстандан келген балбан Жалгасбай Бердимуратов менен беттешти.
Кармаштын жыйынтыгында мекендешибиз атаандашына бир да упай бербей, 4:0 эсебинде ишенимдүү жеңишке жетип, мелдештин жарым финалына жолдомо алды.