Азия оюндарында кыз-келиндер күрөшү боюнча мелдештерде Кыргызстандын лидери Мээрим Жуманазарова кезектеги жеңишин камсыз кылды.
68 кг чейинки салмак категориясынын 1/4 финалдык этабында Мээрим Жуманазарова Өзбекстандын өкүлү Фируза Эсенбаева менен күч сынашты.
Беттештин жүрүшүндө мекендешибиз абсолюттук үстөмдүк көрсөтүп, 8:0 эсеби менен атаандашын тушеге басып, жарым финалга жолдомо алды.