Азия оюндары: Балбан Асан Жанышов финалга чыкты
Новость

Азия оюндарында грек-рим күрөшү боюнча мелдештерде Кыргызстан курамасынын өкүлү Асан Жанышов финалга өттү.

Эркектер арасында 87 кг чейинки салмак категориясынын жарым финалдык этабында Асан Жанышов Казакстандан келген балбан Шамил Ожаев менен күч сынашып, 6:1 эсебинде ишенимдүү жеңишке жетти.

Чечүүчү финалдык беттеште мекендешибиз япониялык спортчу Тайзо Йошида (Taizo Yoshida) менен алтын медаль үчүн күрөшөт.