Азия оюндары: Мээрим Жуманазарова жарым финалда утулуп калды, ал коло медаль үчүн күрөшөт
Новость

Азия оюндарында кыз-келиндер күрөшү боюнча мелдеште Кыргызстан курамасынын өкүлү Мээрим Жуманазарова жарым финалдык беттешин аяктады.

68 кг чейинки салмак категориясынын жарым финалында Мээрим Жуманазарова Түндүк Кореянын спортчусу Пак Сол Гум менен күч сынашып, тилекке каршы, жеңилүүгө дуушар болду. Мээрим Жуманазарова коло медалы үчүн боло турган беттеште күчүн сынайт.