Азия оюндары: Дзюдочулар Түгөл Канатбек уулу менен Кубанычбек Айбек уулу мелдештен четтеди
Новость

Бүгүн, 30-сентябрда Азия оюндарында дзюдо боюнча мелдештер башталды. Улуттук кураманын мүчөлөрү Түгөл Канатбек уулу менен Кубанычбек Айбек уулу мелдешин жыйынтыктады.   

Эркектер арасында 60 кг салмакта күч сынашкан Түгөл Канатбек уулу мелдешин 1/16 финалдан баштап,  кытайлык спортчу МА Юлинге менен кез келди. Беттеш башталгандан кийин 21-секундда кытайлык балбан “иппон” ыкмасы таза жеңишке ээ болду. 

Ал эми 66 кг категорияда Кубанычбек Айбек уулу 1/8 финалда тажикстандык спортчу Нурали Эмомали менен күч сынашты. Эки балбандын негизги убактагы кармашы тең чыгуу менен аяктап, жеңүүчү кошумча берилген “алтын упай” баскычында аныкталды. Курч мүнөздө өткөн кошумча убакыттын 4-мүнөт 40-секундасында Нурали Эмомали “иппон” упайы менен жеңишти илип кетти. 

Дзюдо боюнча мелдешке Кыргызстан курамасынан жалпы 13 спортчу барган.