Жеңил атлетика боюнча улуттук курама Азия оюндарын байгесиз жыйынтыктады
Новость

Жеңил атлетика боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы  Японияда  өтүп жаткан ХХ жайкы Азия оюндарын байгесиз аяктады. 

Бул ири мелдешке Кыргызстандан жалпы 3 жөө күлүк, 5 аралыкта өлкө намысын коргоду. Жыйынтыгында спортчулар байгелүү орундарга илинген жок. 

Кыргызстандык спортчулардын көрсөткөн жыйынтыктары:

Мария Коробицкая кыз-келиндер арасында 10 000 метрлик аралыкта 33 мүнөт 54,47 секунд жыйынтыгы менен 7-орунду ээледи. Ал эми 5000 метрге чуркоодо 16 мүнөт 4,93 секундда маарага 8-болуп келди.

Нурсултан Кеңешбеков эркектер арасында 1500 метрлик жарышта 3 мүнөт 46,45 секунд жыйынтык көрсөтүп, 7-орунду ээледи.  Ошондой эле 5000 метрлик аралыкты 13 мүнөт 49,07 секундда чуркап өтүп, 6-орунга жазылды. 

Анна Коробовцева кыз-келиндер арасында 800 метрлик аралыкта 2 мүнөт 10,52 секундда чуркап, мелдешти 13-орун менен жыйынтыктады.