Азия оюндары: Балбан Раззак Бейшекеев грек-рим күрөшү боюнча коло медаль багындырды
Новость

Азия оюндарында грек-рим күрөшү боюнча мелдеште Кыргызстан курама командасынын куржунуна кезектеги медаль түштү.

Эркектер арасында 67 кг чейинки салмак категориясында 3-орун үчүн болгон беттеште Кыргызстандын өкүлү Раззак Бейшекеев Кытайдан келген балбан Цзи Лен менен күч сынашты. 

Кармаштын жыйынтыгында мекендешибиз 5:1 эсебинде утушка ээ болуп, Азия оюндарынын коло медалын багындырды.