30-сентябрда Азия оюндарында грек-рим күрөшү боюнча мелдештер уланууда.
Эркектер арасында 87 кг чейинки салмак категориясынын финалдык беттешинде Кыргызстандын өкүлү Асан Жанышов Япониянын балбаны Тайзо Йошида менен күч сынашты.
Кармаштын жыйынтыгында япониялык спортчу жеңишке жетип, Асан Жанышов Азия оюндарынын күмүш медалына ээ болду.