Азия оюндары: Мээрим Жуманазарова кыз-келиндер күрөшү боюнча коло медаль багындырды
Новость

Азия оюндарында кыз-келиндер күрөшү боюнча мелдеште Кыргызстандын куржуну кезектеги медаль менен толукталды.   

68 кг чейинки салмак категориясында 3-орун үчүн болгон беттеште Кыргызстан курамасынын өкүлү Мээрим Жуманазарова Түштүк Кореянын балбаны Пак Хёнён менен күч сынашты. 

Кармаштын жүрүшүндө мекендешибиз толук үстөмдүк көрсөтүп, 8:1 эсебинде ишенимдүү жеңишке жетип, Азия оюндарынын коло медалынын ээси болду.