Акжол Махмудов Азия оюндарында коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды
Новость

Азия оюндарында грек-рим күрөшү боюнча 77 кг чейинки салмак категориясында мелдештер уланууда.

Биринчи беттеште Акжол Махмудовду жеңип алган япониялык Нао Кусака жарым финалда Казакстандын балбаны Демеу Жадраевди жеңип, мелдештин финалына өттү.

Мелдештин эрежесине ылайык, Кусаканын финалга чыгышы Акжол Махмудовго жубатуучу мелдешке катышып, Азия оюндарынын коло медалы үчүн күрөшүүгө жол ачты.