Азия оюндары: Жоломан Шаршенбеков ирактык атаандашын 8:0 эсебинде жеңип, финалга чыкты
Новость

Азия оюндарында грек-рим күрөшү боюнча мелдеште Кыргызстан курамасынын балбаны Жоломан Шаршенбеков финалга өттү.

Эркектер арасында 60 кг чейинки салмак категориясынын жарым финалдык этабында Жоломан Шаршенбеков Ирактын өкүлү Саджад Али Мукаср Альбидхан менен күч сынашты. 

Кармаштын жүрүшүндө мекендешибиз абсолюттук үстөмдүк көрсөтүп, атаандашына бир да упай бербестен 8:0 эсебинде жеңишке жетти жана мелдештин чечүүчү финалына жолдомо алды.