Японияда өтүп жаткан ХХ жайкы Азия оюндарында волейбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы көнүл жубатуучу беттеш өткөрөт.
Башкы машыктыруучу Бакыт Алиевдин жетекчилиги астындагы команда тайпалык этаптан плей-офф баскычына чыга албай калган. Эми улуттук курама мелдештин 9-орундан 16-орунга чейинки позицияларын аныктай турган жубатуучу турнирде оюндарын улантат.
Жубатуучу мелдештин алгачкы беттешинде кыргызстандык волейболчулар Кытайлык Тайбэйдин курама командасына каршы оюн талаасына чыгат. Атаандаштар буга чейин “D” тайпасында Кытай жана Түштүк Корея курамаларына утулуп, өз тобунда 3-орунду ээлеген.
Оюн Бишкек убактысы боюнча бүгүн, 1-октябрда эртең мененки саат 10:00дө башталат.
Эске салсак, Кыргызстандын улуттук курама командасы тайпалык этапта “В”тобунда Иран, Индонезия жана Таиланд курамаларына утулуп, 4-орунду ээлеген.