Жиу-житсу боюнча кыргызстандык спортчу Таалайбек Байышев Японияда өтүп жаткан Азия оюндарында коло медаль үчүн күрөшөт. Ал мелдешин 1/32 финалдык баскычтан баштап, алгачкы беттешинде тайланддык Сувижак Кунтонг менен кез келди. 2:2 эсебинде аяктаган кармашта Байышев кошумча артыкчылыктардын эсебинен жеңишке жетти.
Андан соң 1/16 финалда бахрейндик Абдулла Алини 2:0 эсебинде утуп, чейрек финалга жолдомо алды. Анда кыргызстандык спортчу Сауд Аравиянын өкүлү Абдулмалик Аль-Мурдхини 2:0 эсебинде ишенимдүү түрдө жеңип алды. Ал эми жарым финалда Таалайбек Байышев Бириккен Араб Эмираттарынын спортчусу Омар Аль-Сувайдиге 4:0 эсебинде утулуп калды.
Эми кыргызстандык балбан Азия оюндарынын коло медалы үчүн кайрадан Сауд Аравиянын спортчусу Абдулмалик Аль-Мурдхи менен күч сынашат. Беттеш Бишкек убактысы боюнча күндүзгү саат 15:35те башталат.