Азия оюндары: 2-октябрда жиу-житсу боюнча күч сынаша турган кыргызстандык спортчулардын атаандаштары белгилүү болду
Новость

Япониянын Нагоя шаарында өтүп жаткан Азия оюндарында жиу-житсу боюнча мелдешке чыга турган кыргызстандык спортчулардын алгачкы атаандаштары аныкталды. Расмий маалыматка ылайык, 2-октябрда  өлкө намысын 3 спортчу коргойт.

Эркектер арасында 94 кг чейинки салмакта Руслан Сагдеев мелдешин 1/32 финалдык баскычтан баштайт. Ал алгачкы беттешин вьетнамдык Ле Дуй Тхань менен өткөрөт.

Ал эми 77 кг чейинки салмак категориясында Кыргызстандан эки спортчу катталган. Бул салмакта 1/32 финалда Байгазы Багышбеков сингапурлук Пол Тиан Жи Лим менен күч сынашса, Адилет Чамашов кувейттик Сайедахмад Бехбеханиге каршы килемге чыгат.

Жиу-житсу боюнча мелдешке Кыргызстан курамасында жалпы 9 спортчу барган.