Азия оюндары: Кыргызстандын волейбол боюнча курамасы Кытай Тайбэйине 0:3 эсебинде утулуп калды
Новость

Волейбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы Японияда өтүп жаткан Азия оюндарында Кытайдын Тайбэй командасына 3:0 эсебинде жеңилди.

Беттеш бүгүн, 1-октябрда 9-орундан 16-орунга чейинки позицияларды аныктай турган жубатуучу турнирдин алкагында өттү. Жыйынтыгында 3 партия 18-25, 24-26 жана 21-25 эсептеринде  атаандаштын пайдасына аяктады. 

Бул жеңилүүдөн кийин кыргызстандык волейболчулар Азия оюндарындагы жүрүшүн 13-16-орундарды аныктай турган кийинки баскычта улантышат.