Азия оюндарында 62 кг чейинки салмак категориясында эркектер арасында коло медаль үчүн беттеш аяктады.
3-орун үчүн таймашта Кыргызстандын өкүлү Таалайбек Байышев Сауд Арабиясынын спортчусу Хабаб Халед Али С менен кез келди. Негизги убакыт 0:0 эсебинде жыйынтыкталды. Калыстардын чечими менен жеңиш Сауд Арабия өкүлүнө ыйгарылды.