Дзюдо боюнча улуттук курама мелдештин экинчи күнү байгесиз калды
Новость

Азия оюндарында дзюдо боюнча мелдештин экинчи күнү 5 медалдар топтому ойнотулуп, Кыргызстан курамасынан 5 балбан килемге чыкты. 

Кыргыз спортчуларынын арасынан Адина Көчкөнбаев 63 кг салмакта мелдешин жеңиш менен баштады. Алгач 1/8 финалда филиппиндик Хриззи Пабулаянды жеңсе, чейрек финалда монголиялык Энхрийлэн Лхагватогоогийнго иппон менен утулуп калды. Андан соң жубатуучу беттеште өзбекстандык Маржона Нуруллоевага жеңишти алдырып, медаль үчүн күрөштөн четтеди.

Ал эми калган 4 дзюдочу алгачкы атаандаштарына жеңилип калды. 

Кыз-келиндер арасында 1/8 финалда 57 кг салмакта Жанар Жолдошева өзбекстандык Шукуржон Аминовага, ал эми 70 кг чейинки салмакта Алина Молдокулова монголиялык Анужин Уран Улзиге иппон менен жеңилди.

Эркектер арасында 1/8 финалда 73 кг салмакта Нурмухаммед Бакирдинов түштүк кореялык Жае Хонг Анга жана 81 кг ченде Тегин Алмазжан уулу казакстандык Адилет Алматка утулуп калды.