Айпери Медет кызы алгачкы атаандашын жеңип, чейрек финалга чыкты
Новость

Азия оюндарында кыз-келиндер күрөшү боюнча 76 кг чейинки салмак категориясында беттештер өтүүдө.

Кыргызстан курама командасынын балбаны Айпери Медет кызы Индиянын спортчусу Прия менен кез келди. 

Беттештин жүрүшүндө мекендешибиз 6:1 эсебинде утуп алды. Бул жеңиш менен Айпери турнирдин 1/4 финалына жолдомо алды.