Азия оюндары: Эрназар Акматалиев монголиялык атаандашын жеңип, чейрек финалга өттү
Новость

Азия оюндарында эркектер арасында эркин күрөш боюнча 65 кг чейинки салмак категориясында 1/8 финалдык беттештер өтүүдө.

Кыргызстан курама командасынын өкүлү Эрназар Акматалиев Монголиянын балбаны Алтангерел Анкх-Эрдэни менен кез келди. Абдан курч жана чыңалууда өткөн беттеште мекендешибиз 8:7 эсебинде жеңишти жулуп алып, турнирдин 1/4 финалына жолдомо алды.