Азия оюндары: Эркин күрөштөн Арсланбек Турдубеков чейрек финалда бахрейндик спортчуга жеңилди
Новость

2-октябрда Азия оюндарында эркектер арасында эркин күрөш боюнча 125 кг салмак категориясында чейрек финалдык беттештер өтүүдө.

Беттеште Кыргызстандын өкүлү Арсланбек Турдубеков Бахрейндин балбаны Шамиль Шарипов менен кез келди. Кармаштын жүрүшүндө бахрейндик спортчу үстөмдүк көргөзүп, 11:0 эсебинде техникалык артыкчылык менен жеңишке жетти.