2-октябрда Азия оюндарында кыз-келиндер күрөшү боюнча 76 кг чейинки салмак категориясында чейрек финалдык беттештер өтүүдө.
Беттеште Кыргызстан курама командасынын балбаны Айпери Медет кызы Индонезиянын өкүлү Варадиса Септи Путри Хидаят менен кез келди.
Беттештин жүрүшүндө мекендешибиз абсолюттук үстөмдүк көрсөтүп, атаандашына бир да упай бербестен 10:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда ишенимдүү жеңишке жетти. Бул жеңиш менен Айпери турнирдин 1/2 финалына жолдомо алды.