Азия оюндары: Эркин күрөштөн Малик Шаваев өзбекстандык Бобур Исломовду 10:2 эсебинде жеңип алды
Новость

2-октябрда Азия оюндарында эркин күрөш боюнча беттештер өтүүдө.

Кыргызстандык балбан Малик Шаваев Өзбекстандын өкүлү Бобур Исломов менен кез келди. Кармаштын биринчи мезгилинде эле мекендешибиз 4:0 эсебинде алдыга чыгып, экинчи периоддо артыкчылыгын андан ары чыңдады. Беттештин жыйынтыгында Малик Шаваев 10:2 эсебинде ишенимдүү жеңишке жетти.