Айпери Медет кызы коло медаль үчүн күрөшөт
Новость

Азия оюндарында кыз-келиндер күрөшү боюнча 76 кг чейинки салмак категориясында жарым финалдык беттештер өтүүдө.

Таймашта Кыргызстан курама командасынын балбаны Айпери Медет кызы Япониянын өкүлү Юка Кагами менен кез келди. Беттештин жыйынтыгында япониялык балбан 5:3 эсебинде жеңишке жетип, финалга жолдомо алды. Ал эми Медет кызы мелдешти андан ары улантып, турнирдин коло медалы үчүн күч сынашат.