2-октябрда Азия оюндарында эркектер арасында эркин күрөш боюнча 86 кг чейинки салмак категориясында жарым финалдык беттештер өтүүдө.
Таймашта Кыргызстандын өкүлү Малик Шаваев Ирандын балбаны Мохаммад Ноходиларими менен кез келди. Беттештин жыйынтыгында ирандык спортчу 3:0 эсебинде жеңишке жетип, финалга чыкты. Ал эми Малик Шаваев мелдешти андан ары улантып, Азия оюндарынын коло медалы үчүн беттешет.