Японияда өтүп жаткан Азия оюндарында волейбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы Гонконгду 3:1 эсебинде жеңди. Бул беттеш 13-орундан 16-орунга чейинки позицияларды аныктай турган жубатуучу турнирдин алкагында өттү.
Оюн курч мүнөздө өтүп, биринчи партияда Гонконг 25:13 эсебинде алдыга чыккан. Бирок кийинки үч партия 24-26, 25-27 жана 23-25 эсептеринде Кыргызстандын жеңиши менен аяктады.
Бул жеңиштен кийин Бакыт Алиевдин жетекчилиги астындагы Кыргызстан курамасы Азия оюндарында 13-орун үчүн кийинки чечүүчү беттешке чыгат.