Эрлан Шеров Азия оюндарынын финалына чыкты
Новость

Дзюдо боюнча улуттук кураманын мүчөсү Эрлан Шеров Азия оюндарынын финалына чыкты. Ал 90 кг салмакта алтын медаль үчүн жапониялык Рику Окада менен күч сынашат.

Кыргыз балбаны мелдешин 1/8 финалдан  баштап,  Шри-Ланканын спортчусу Милан Маркону 25 секунддун ичинде иппон менен утуп алды. Андан соң чейрек финалдык курч кармашта Бириккен Араб Эмираттарынын өкүлү Гаджимурад Омаровду дагы иппон менен жеңди. Жарым финалдык беттеште өзбекстандык тажрыйбалуу балбан Нурбек Муртазоевду артта калтырды. 

Белгилей кетсек, Эрлан Шеров 2023-жылы Ханчжоудо өткөн Азия оюндарында алтын медаль жеңген.