Эмирхан Жолдошказиев Азия оюндарында коло медаль үчүн күрөшөт
Новость

Дзюдо боюнча улуттук кураманын мүчөсү Эмирхан Жолдошказиев Азия оюндарынын коло байгеси үчүн күрөшөт. 21 жаштагы спортчу 100 килограммдан жогорку салмакта катышууда.

Кыргыз балбаны мелдешин 1/8 финалдык баскычтан баштап, алгачкы беттешинде Кытай Тайбэйинин спортчусу Дай Ю-мингди иппон менен ишенимдүү утуп алды. Андан соң чейрек финалда жапониялык Хёга Отага жеңилди.

Бирок, жапониялык дзюдочунун финалга өтүшү менен Эмирхан Жолдошказиев жубатуучу раундда кытайлык балбан Ли Хайянды жеңип, коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды. Анда монголиялык Баткхуяг Гончигсурен менен күч сынашат.