Кыргызстандык Аркатова Злата көркөм гимнастика боюнча мелдеште финалдык баскычка чыкты
Новость

Азия оюндарында көркөм гимнастика боюнча жекеликте All Around мелдешинин финалына чыккан спортчулар белгилүү болду.

Кыргызстан курама командасынын өкүлү Злата Аркатова квалификациялык мелдештердин жыйынтыгында 104.45 упай топтоп, 6-орун менен финалдык баскычка жолдомо алды.

Тизменин сап башында 111.35 упай менен казакстандык Акмарал Ерекешева жайгашса, экинчи орунду кытайлык Ван Ци (109.15 упай), ал эми үчүчү орунду өзбекстандык Тахмина Икромова (106.95 упай) ээледи. 

3-октябрда боло турган финалдык баскычта Азиянын эң мыкты 10 гимнасттары байгелүү орундар үчүн күч сынашат.