Азия оюндарында эркектер арасында дзюдо боюнча 90 кг чейинки салмак ченинде финалдык беттеш аяктады.
Таймашта Кыргызстандын өкүлү Эрлан Шеров Япониянын дзюдочусу Рику Окада менен беттешти. Кармашта япониялык спортчу кошумча убакытта 4 мүнөт 38 секундда "ваза-ари" ыкмасын колдонуп, жеңишти жулуп кетти. Жыйынтыгында Эрлан Шеров Азия оюндарынын күмүш байгесин багындырды.