Азия оюндары: Жиу-житсу боюнча спортчулар мелдештин экинчи күнү байгесиз калды
Новость

Японияда өтүп жаткан ХХ жайкы Азия оюндарында жиу-житсу боюнча экинчи күндүк мелдеши аяктады. Бүгүн, 2-октябрда Кыргызстан курамасынын үч спортчусу килемге чыгып, байгесиз калышты.  

77 кг салмакта катышкан Байгазы Багышбеков 1/16 финалда сингапурлук Пол Лимди 2:0 эсебинде утуп, мелдешин ишенимдүү баштады. Андан соң 1/8 финалда казакстандык Адлан Мадаев менен кез келип, беттеш 0:0 эсебинде тең чыгуу менен аяктады. Калыстардын чечими боюнча жеңиш кошумча артыкчылыктардын эсебинен казак балбанына берилди. Бул  салмактагы дагы бир спортчу Адилет Чамашов 1/16 финалда кувейттик Сайедахмад Бехбеханиге 0:7 эсебинде утулуп, мелдештен четтеди.

Ал эми 94 кг салмакта Руслан Сагдеев алгачкы беттешинде вьетнамдык Ле Дуй Тханьды 2:0 эсебинде жеңсе, 1/8 финалда Сауд Аравиянын өкүлү Омар Тарик Андга утулуп калды. 

Эртең, 3-октябрда жиу-житсу боюнча мелдештин соңку күнүндө өлкө намысын 85 кг салмакта Имран Магомедов менен Абдурахман Муртазалиев коргойт.