2-октябрда Азия оюндарында эркектер арасында дзюдо боюнча 100 кг ашык салмак категориясында коло медаль үчүн беттештер аяктады.
Таймашта Кыргызстан курама командасынын өкүлү Эмирхан Жолдошказиев Монголиянын дзюдочусу Гончигсурен Батхуяг менен кез келди. Оор салмактагы курч өткөн беттеште монголиялык спортчу 1:0 эсебинде жеңишке жетти. Натыйжада Эмирхан Жолдошказиев мелдешти 5-орунда жыйынтактады.