Эркин күрөшчү Малик Шаваев коло медаль жеңип алды
Новость

Азия оюндарында эркектер арасында эркин күрөш боюнча 86 кг чейинки салмак ченинде коло медаль үчүн беттештер аяктады.

Таймашта Кыргызстандын өкүлү Малик Шаваев Түштүк Кореянын балбаны Ли Гёнён менен кез келди. Беттештин жүрүшүндө толук демилгени колго алган спортчу Малик Шаваев 12:1 эсебинде мөөнөтүнөн мурда (техникалык артыкчылык менен) жеңишти камсыздап, Азия оюндарынын коло медалын багындырды.