2-октябрда Азия оюндарында кыз-келиндер күрөшү боюнча 76 кг чейинки салмак ченинде коло медаль үчүн беттештер аяктады.
Таймашта Кыргызстандын өкүлү Айпери Медет кызы Өзбекстандын балбаны Севинчой Полвонова менен кез келди.
Беттеште Айпери Медет Кызы атаандашына бир да упай бербестен, 10:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда техникалык артыкчылык менен жеңишти камсыздап, Азия оюндарынын коло медалын багындырды.