Азия оюндарында эркектер арасында эркин күрөш боюнча 57 кг чейинки салмак ченинде квалификациялык беттештер башталды.
Анда Кыргызстандын өкүлү Бекзат Алмаз уулу Ирактын балбаны Хуссейн Худхур Жасим менен кез келди.
Беттештин жүрүшүндө толук үстөмдүк кылган мекендешибиз атаандашына бир да упай бербестен, 10:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда (техникалык артыкчылык менен) жеңишти камсыздап, кийинки айлампага өттү.