Кыргызстандын дзюдо боюнча курамасы Азия оюндарында аралаш командалык мелдеште Таиландды 4:2 эсебинде жеңди.
Кыргызстандан бул таймашка 6 спортчу чыкты. Алардын ичинен Айдеми Калыева, Даут Полтушев, Жанар Жолдошева жана Тегин Алмазжан уулу таиланддык атаандаштарын жеңишти. Ал эми Нурмухаммед Бакирдинов менен Адина Көчкөнбаева атаандаштарына утулуп калышты.
Аралаш командалык мелдешке Кытай, Япония, Казакстан, Кыргызстан, Корея, Монголия, Непал, Таиланд, Кытай Тайбэйи жана Өзбекстан болуп жалпы 10 команда катышууда.