3-октябрда Азия оюндарында эркектер арасында эркин күрөш боюнча 57 кг чейинки салмак ченинде чейрек финалдык беттештер өттү.
Кыргызстандын өкүлү Бекзат Алмаз уулу Вьетнамдын балбаны Нхы Дуй Фам менен кез келди.
Беттеште толук үстөмдүк кылган мекендешибиз 8:0 эсеби менен алдыга чыгып, мөөнөтүнөн мурда ишенимдүү жеңишке жетти. Муну менен ал жарым финалга жолдомо алды.