Кыргызстандык спортчу Абдурахман Муртазалиев Японияда өтүп жаткан Азия оюндарында жиу-житсу боюнча коло медаль үчүн күрөшөт.
Муртазалиев 85 килограммга чейинки салмакта мелдешин 1/16 финалдан баштап, алгач Кувейттин өкүлүн жеңди.
1/8 финалда Камбоджанын спортчусун артта калтырса, чейрек финалда кореялык атаандашын утуп жарым финалга чыкты. Бирок финалга жолдомо үчүн болгон беттеште Казакстандын балбаны Мерей Кабдуллаевге 4:2 эсебинде жеңилип калды.
Эми Муртазалиев коло медаль үчүн Сингапурдун спортчусу Аакус Хоу Ю менен беттешет. Медаль үчүн таймаштар Бишкек убактысы боюнча саат 10:00дө башталат.
Бул салмакта Кыргызстандын дагы бир өкүлү Имран Магомедов чыккан. Ал биринчи беттешинде Кореянын спортчусуна утулуп, медаль үчүн күрөштөн четтеген.