Азия оюндары: Орозобек Токтомамбетов жарым финалда жеңилип калды, эми коло медаль үчүн күрөшөт
Новость

3-октябрда Азия оюндарында эркектер арасында эркин күрөш боюнча 74 кг чейинки салмак ченинде жарым финалдык таймаштар өттү.

Кыргызстандын өкүлү Орозобек Токтомамбетов Жапониянын балбаны Ёсиносукэ Аояги менен кез келди. 

Курч өткөн беттеште жапониялык балбан 10:0 эсебинде (техникалык артыкчылык менен) жеңишке жетип, финалга өттү.

Ал эми Орозобек Токтомамбетов мелдешти андан ары улантып, Азия оюндарынын коло медалы үчүн беттешке чыгат.