XX Азия оюндарынын байге ээлери Бишкекке кайтып келишти
Новость

2-октябрда, "Манас" эл аралык аэропортунда Нагоя шаарында (Япония) өтүп жаткан ХХ Азия оюндарында ийгилик жараткан Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасын салтанаттуу тосуп алуу аземи өттү.

Спортчуларды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Урмат Асанбаев, ошондой эле спортчулардын жакындары, күйөрмандары жана спорттук коомчулуктун өкүлдөрү тосуп алышты.

Эске салсак, грек-рим күрөшү боюнча мелдештин жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын курама командасы 1 алтын, 1 күмүш жана 2 коло (жалпы төрт) медаль утуп, командалык эсепте экинчи орунду ээледи.

Жоламан Шаршенбеков (60 кг чейин) алтын медаль тагынып, Азия оюндарынын эки жолку чемпиону аталды. Асан Жанышов (87 кг чейин) күмүш байге ээси болсо, Акжол Махмудов (77 кг чейин) жана Раззак Бейшекеев (67 кг чейин) коло байгеге татыды.

Урмат Асанбаев өз сөзүндө балбандарды ХХ Азия оюндарында жараткан ийгиликтери менен куттуктап, бул жетишкендиктер ата мекендик спорт үчүн чоң мааниге ээ экендигин белгиледи.

"Силер өзүңөргө жана дүйнөгө Кыргызстанда грек-рим күрөшү бар экенин далилдеп гана тим болбостон, анын тез өнүгүүсүн, жаңы бийиктиктерге даярдыгын көрсөттүңөр. Биз силердин жеңишке болгон эркиңерге,

биримдигиңерге суктанабыз", - деди Урмат Асанбаев.

Ал ошондой эле машыктыруучулар курамына, медицина кызматкерлерине жана спортчулардын ийгилигинин артында тургандардын бардыгына ыраазычылык билдирди. Соңунда спортчуларга чың ден соолук, бекем эрк жана чексиз мекенчилдик каалап, мамлекет мындан ары да спортко, анын ичинде күрөш түрлөрүнө колдоо көрсөтөөрүн баса белгиледи.