Бекзат Алмаз уулу коло медаль үчүн күрөшөт
Новость

3-октябрда Азия оюндарында эркектер арасында эркин күрөш боюнча 57 кг чейинки салмак ченинде жарым финалдык таймаштар өттү.

Кыргызстандын өкүлү Бекзат Алмаз уулу Түндүк Кореянын балбаны Хан Чон Сон менен кез келди. 

Беттештин жыйынтыгында түндүк кореялык балбан 4:0 эсебинде жеңишке жетип, финалга жолдомо алды.

Бекзат Алмаз уулу Азия оюндарынын коло байгеси үчүн килемге чыгат.