Абдурахман Муртазалиев Азия оюндарында коло медаль жеңди
Новость

Жиу-житсу боюнча  кыргызстандык спортчу Абдурахман Муртазалиев Азия оюндарында коло байгенин ээси болду.  Ал 85 килограммга чейинки салмакта чечүүчү беттеште Сингапурдун өкүлү Аакус Хоу Юну 2:0 эсебинде жеңди.

Муртазалиев мелдешин 1/16 финалдан баштап, алгач Кувейттин өкүлүн жеңди.

1/8 финалда Камбоджанын спортчусун утса, чейрек финалда кореялык атаандашын жеңип, жарым финалга чыкты. Бирок финалга жолдомо үчүн болгон беттеште Казакстандын спортчусу Мерей Кабдуллаевге 4:2 эсебинде жеңилип калган. 

Бул медаль Кыргызстан үчүн Азия оюндарындагы 14-медаль болду. Анын ичинде 1 алтын, 3 күмүш жана 10 коло медаль бар.