Кыргызстан дзюдодон аралаш командалык мелдеште Казакстанга жеңилди
Новость

Кыргызстандын дзюдо боюнча курамасы Азия оюндарында аралаш командалык мелдеште Казакстанга 2:4 эсебинде жеңилди.

Кыргызстандан таймашка 6 спортчу чыкты. Алардын ичинен Нурмухаммед Бакирдинов менен Тегин Алмазжан уулу казакстандык атаандаштарын жеңишти. Ал эми Даут Полтушев, Жанар Жолдошева, Адина Көчкөнбаева жана Айдеми Калыева беттештеринде жеңилип калышты.

Аралаш командалык мелдешке Кытай, Япония, Казакстан, Кыргызстан, Корея, Монголия, Непал, Таиланд, Кытай Тайбэйи жана Өзбекстан болуп жалпы 10 команда катышууда.

Буга чейин Кыргызстандын командасы Таиландды 4:2 эсебинде жеңген.