Ошто асфальт-бетон аралашмаларынын сапаты текшерилүүдө
Новость

Курулуш министрлигине караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун Түштүк аймактык башкармалыгы Ош облусунун Кара-Суу районундагы асфальт-бетон аралашмаларын өндүрүүчү ишканада чыгарылып жаткан продукциянын сапатын текшерди. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Адистер өндүрүштүн технологиялык процесси менен таанышып, анын белгиленген техникалык талаптарга шайкештигин талдап чыгышты. Ошондой эле лабораториялык сыноолорду жүргүзүү үчүн продукциядан үлгүлөр алынды.

Лабораториялык сыноолордун жыйынтыгы боюнча продукциянын сапаты тиешелүү ченемдик документтин талаптарына шайкеш келери аныкталат. Бул асфальт-бетон аралашмаларынын сапатын жана жол төшөө иштеринде колдонууга жарактуулугун тастыктоого мүмкүндүк берет.