Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Шалба–Липенко–Жон-Булак автомобиль жолунун Богатырь айылынын ичиндеги бөлүгүнө асфальт-бетон төшөө иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда аталган жолдун 13 чакырым тилкесине асфальт төшөө каралган. Бүгүнкү күнгө карата жолдун 4,5 чакырымына асфальт-бетон төшөлдү.
Учурда жол куруу иштерин №35 Жол эксплуатациялоо мекемеси жүргүзүүдө. Иштерге атайын техникалар жана жумушчулар тартылып, бекитилген графикке ылайык аткарылууда.
Ал эми жолдун жаңыланышы аймактагы жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга, жергиликтүү тургундар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө жана транспорттук кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртууга өбөлгө түзөт.