U-23 Дүйнө чемпионаты: Эрлан Марс уулу коло медаль жеңди
Новость

Кыргызстандык балбан Эрлан Марс уулу АКШнын Лас-Вегас шаарында өтүп жаткан 23 жашка чейинки спортчулар арасындагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатында коло медаль жеңип алды.

Эрлан Марс уулу 82 кг чейинки салмакта грек-рим күрөшү боюнча күч сынашты. Ал мелдешти ийгиликтүү баштап, грек балбаны Андреас Василакопулосту 7:0 эсебинде жеңди. Бирок чейрек финалда армениялык балбанга утулуп калды. Аталган балбан кийин финалга чыккандыктан, кыргызстандык спортчу коло медаль үчүн көңүл жубатуучу беттештерге катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.

Көңүл жубатуучу беттеште Эрлан Марс уулу сербиялык Огнен Яковлевич менен күч сынашып, 2:1 эсебинде жеңишке жетти.
Коло медаль үчүн болгон чечүүчү беттеште кыргызстандык балбан швециялык Александр Йоханссон менен килемге чыкты. Биринчи бөлүктө атаандашы беш упай топтоду. Экинчи бөлүктө Эрлан Марс уулу төрт упайлык ыкма жасап, андан соң атаандашын далысына басып (туше), мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетишти. Натыйжада ал дүйнө чемпионатынын коло медалына ээ болду.

Аннотация 2026-10-14 104834.jpg 48.95 KB